Жалал-Абад шаарындагы курулушу жүрүп жаткан социалдык объектилер Эгемендүүлүк майрамына чейин бүтүүсү зарыл

Жалал-Абад шаарындагы курулушу жүрүп жаткан социалдык объектилер Эгемендүүлүк майрамына чейин бүтүүсү зарыл

Мындай пикирин Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев калаада курулушу жүрүп жаткан соц обектилердин курулушу менен жеринен таанышып жаткан учурда курулушчуларга айтты.

Маалым болгондой, азыркы тапта шаардык Эркиндик көчөсүндө жайгашкан №1 Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имараты, 100 орундуу облустук перинаталдык борбор жана №14 Сатыбалды Давлетов атындагы инновациялык мектеп-лицейинин кошумча 700 орундуу имаратынын курулуш иштери жүрүп жатат. Аны менен жеринен таанышкан ыйгарым укуктуу өкүл урулуштун сапатын жакшыртуу боюнча бир катар тапшырмаларды берди. Аны менен катар ал социалдык мекемелерди 2025-жылдын 31-августуна чейин бүткөрүү зарылдыгын айтып, жергиликтүү бийлик жана куруучу компания жетекчилерине сапатка өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын эскертти.