Манас шаарында төрөлгөн 3 эмдин үй-бүлөсүнө 100 000 сомдун сертификаты тапшырылды
Жалал-Абад облустук төрөт үйүндө төрөлгөн 3 эм кечээ, 2-апрелде үйүнө чыгарылды.
Эне-балдардан Ала-Бука районунун акиминин социалдык маселелер боюнча орун басары Гүлназ Курманбаева, Т.Балтагулов айыл өкмөтүнүн башчысы Парманбек Касымбеков кабар алып, үч эмдин апасы Мархаба Расулжан кызына 100 миң сомдун сертификаты тапшырылды.
Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын жетекчиси Кумар Ботокараев 3 эмдин абалын жакшыртууга дарыгерлер болгон күч-аракеттерин жумшаганын билдирди. Анын айтымында, ымыркайлардын эң кичүүсү көбүрөөк кароого
муктаж болду.
Ал эми Гүлназ Курманбаеванын айтымында, Ала-Бука районунда акыркы 20
жылдан бери быйыл биринчи жолу 3 эм төрөлдү.
«Бул кабар бизди абдан кубандарды. Район акимибиз да куттуктоосун жиберди, балдар үйүнө баргандан соң кабар алаарын айтты. Район бийлиги колдон келген жардамыбызды беребиз», - деди ал.
Т.Балтагулов айыл өкмөтүнүн башчысы Парманбек Касымбековдун айтымында,
мындан ары да колдоо болот.