Чубак ажынын элесине арналган Куран жарыштын жеңүүчүлөрүнө унаа берилди. Арасында 13 жаштагы өспүрүм бар (сүрөт баян)

Чубак ажынын элесине арналган Куран жарыштын жеңүүчүлөрүнө унаа берилди. Арасында 13 жаштагы өспүрүм бар (сүрөт баян)

 Жалал-Абад облусунун Манас шаарында мурунку муфтий Чубак ажы Жалиловдун жаркын элесине арналган республикалык Куран жарыштын жыйынтыгы чыгып, жеңүүчүлөр сыйланды. Иш-чара Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын демилгеси, жергиликтүү демөөрчүлөрдүн колдоосу менен уюштурулган. Жарышка өлкөнүн бардык облустарынан жалпы 27 кары катышты.
Байге  фонду 5 млн сом экенин айтылган жарышта жеңүүчүлөргө автоунаалар жана акчалай сыйлыктар тапшырылды. Жаш катышуучулардын арасынан да өзгөчөлөнгөндөр чыгып, алардын ийгилиги белгиленди. Уюштуруучулар мындай
иш-чараларды жыл сайын өткөрүп, Куран жаттоону жайылтууну максат кылышууда.
Иш-чарага муфтий Абдулазиз Закиров жана Аалымдар кеңешинин төрагасы Замир Ракиев, маркум дин ишмери Чубак ажы Жалиловдун жакындары катышты.
Сынакты баалоо үчүн 4 дин кызматкеринен турган калыстар тобу түзүлүп, алар карылардын Куранды так жана кыраат менен окуусуна көңүл буруп, жыйынтыгында жеңүүчүлөрдү аныкташты. Карылар Куранды 10 пара, 20 пара жана 30 пара боюнча окуу багыттарында ат салышты. Ар бир багытта биринчи орунду ээлеген жеңүүчүлөргө автоунаанын ачкычы тапшырылды.
Жеңүүчүлөр:
- 10 пара боюнча I орун — 13 жаштагы  Укаша Жамалдинов («Chevrolet Spark» автоунаасы);
- 20 пара боюнча I орун — Муса Мирбеков («Hyundai Avante» автоунаасы);
- 30 пара боюнча I орун — 19 жаштагы Давуд Абдыкадыров («Toyota Venza» автоунаасы).
Калган катышуучуларга акчалай сыйлыктар жана умра сапарына жолдомолор берилди. Ошондой эле жалпы катышуучуларга дипломдор жана ыраазычылык каттар тапшырылды.