Быйыл өлкөдө жалпы 9 млн даана дарак көчөтү отургузулат

Быйыл өлкөдө  жалпы 9 млн даана дарак көчөтү отургузулат
Жалал-Абадд “Жашыл Мурас” улуттук кампаниясын тоолуу аймактарда ишке ашыруу боюнча симпозиум өттү
Бүгүн Манас шаарында өткөн симпозиумда Кыргыз Республикасынын Президентинин демилгеси менен ишке ашырылып жаткан “Жашыл Мурас” улуттук кампаниясын тоолуу аймактарда натыйжалуу жүзөгө ашыруу маселелери талкууланды.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Уларбек Исмаилов, Президенттин тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча беш жылдык иш-аракеттерди ишке ашыруу боюнча атайын өкүлү Динара Кемелова, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Рустам Балтабаев, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Асель Раимкулова, ошондой эле АФОКО уюмунун филиалынын директору Айдай Жумашева, уюмдун Кыргызстандагы өкүлү Олег Гучгельдыев жана өлкө аймактарынан келген район, шаар жетекчилери катышты.
Симпозиумдун негизги максаты — экосистемаларды сактоо, климаттык өзгөрүүлөрдүн таасирин азайтуу жана тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү багытында “Жашыл Мурас” улуттук кампаниясын натыйжалуу ишке ашыруунун жолдорун талкуулоо болду. Ошондой эле мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын жана жергиликтүү бийликтин кызматташуусун күчөтүү маселелери каралды.
Өз сөзүндө облус башчысынын биринчи орун басары Уларбек Исмаилов улуттук кампанияны облус аймагында ишке ашыруу жумуштары системалуу жолго коюлганын белгиледи. Анын айтымында, 2025-жылы облус боюнча 1034 гектар аянтка 782 миңден ашуун көчөт отургузулуп, план 104,3 пайызга аткарылган. Көчөттөрдүн орточо сакталуу деңгээли 75 пайызды түзгөн.
Ошондой эле ал 2026-жылга карата 800 миң көчөт отургузуу пландалып жатканын, учурда анын алкагында 20 миң 358 даана көчөт тигилгенин маалымдады.
Симпозиумда быйыл өлкө боюнча жалпы 9 млн даана дарак көчөтүн отургузуу пландалганы кошумчаланды.