Жалал-Абад облусунда 6 айда чет элдик номердеги 5000 унаа мыйзамдаштырылды

Жалал-Абад облусунда 6 айда чет элдик номердеги 5000 унаа мыйзамдаштырылды

Жалал-Абад облусунда 6 айда абхаз, армян жана чет элдик номердеги
5241 унаа мыйзамдаштырылды. Мындай маалыматты Транспорттук каражаттарды
жана айдоочулукту каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин Жалал-Абаддагы
башкармалыгынын башчысы Альберт Кожобергенов билдирди.
Анын айтымында, унааларын каттатууга жетишпей калган жарандар кечээ 2-
октябрда кайрылышкан.
«Чет элдик номерлүү унаалардын легалдаштыруу өнөктүгү башталгандан бери
дубанда 5241, ал эми Манас шаарында 2302 даана унаа мыйзамдаштырылды.
Жарандар үлгүрбөй калуусун алдын алуу максатында биздин мекеме 15-
сентябрдан бери түнкү саат 1ге чейин иштеп, кызматкерлер 2 нөөмөт менен
иштеп жаткан.
Баарына белгилүү болгондой, 1-октябрдан тарта мыйзамдаштыруунун мөөнөтү
аяктады. Бирок ага жетишпей калган жарандар кечээ 2-октябрда бизге чогулуп
кайрылган болчу. Аларга түшүндүрүү иштерин алып бардык», - деди ал.
Кошумчалай кетсек, унааларды мыйзамдаштыруунун 6 ай аралыгында өлкөдө
30086 унаа легалдаштырылган.