Базар-Коргондогу  автобекеттин 36 сотых жери мыйзамсыз сатылып, ал жерге 44 соода күркө тургузулган (сүрөт баян)

Базар-Коргондогу  автобекеттин 36 сотых жери мыйзамсыз сатылып, ал жерге 44 соода күркө тургузулган (сүрөт баян)

Учурда прокуратура бул аянтты мамлекетке кайтаруу үчүн сотко доо арыз келтирди. Базар-Коргон автобекетинин директорунун орун басары Сүйүнбек Усенов бекеттин архивдик документтерине ылайык жалпы аянты 1 гектар 30 сотых болушу керек эле, бирок иш жүзүндө 94 сотых гана жери калганын айтат.

“Базар-Коргон районундагы автобекет акыркы жылдары соода-сатык базарына айланып кеткен. Бул боюнча райондук прокуратура фактыларды текшерип чыгып, мыйзам бузуу болгонун аныктады жана сотко доо арыз келтирди. Биздин мекемеге тиешелүү делген 36 сотых жери жеке колдорго өтүп кеткен. Архивдик документтерде жалпы жер аянты 1 гектар 30 сотых болсо, иш жүзүндө 94 сотиги калган. Буга байланыштуу райондук администрация, прокуратура жана башка тиешелүү кызматтардан жумушчу топ түзүлгөн. Ал эми, мыйзамсыз  берилип кеткен деген жер аянтта бүгүн 44 соода күркөсү жайгашып, автобекеттин аймагы базарга айланып кеткен. Түшүндүрүү иштеринин натыйжасында соодагерлердин айрамдары ээлик кылуучу документтерин  мамлекетке кайтарып беришти. Бирок айрымдары сатып алганын негиз кылып, соттошоорун айтууда”,-деди  Сүйүнбек Усенов.  

Сөз болуп жаткан Базар-Коргондогу  автобекет буга чейин КРнын Транспорт министрлигинин карамагында болуп келген. Бирок, быйыл МинКабдын токтомуна ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына карап учурда уставдары түзүлүп, штаттык бирдиктери башынан каралып жатат. Мекеме чарбалык болуп эсептелет. Ал жакка  кирүү үчүн такси айдоочулардан күнүнө 20 сомдон алынат. Бул каражат автобекеттин кызматкерлеринин айлыгына гана жетип, оңдоп-түзөөгө мүмкүнчүлүк берген эмес.

Учурда автобекеттен райондун ичиндеги жана Жалал-Абад облусуна караштуу башка аймактарга багытталган 17 каттам чыгып, күнүнө 3 миңдей жүргүнчүнү тейлейт.