Бүгүн Сузак районунун Көк-Арт айыл аймагында Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан эл аралык темир жолунун негизги объекттери делген туннелдин курулушунун башталышына арналган иш-чара өттү.
Ага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары — Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев, Кытай жана Өзбекстандын бийлик өкүлдөрү,
президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Нурлан Эрматов, Транспорт жана коммуникациялар министири Абсаттар Сыргабаев, тийиштүү министрлик жана ведомстволордун башчылары катышты.
Анда сөз сүйлөгөн МинКаб Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу – бул жөн гана транспорттук коридор эмес, Чыгыш менен Батыш өлкөлөрүн байланыштыра турган маанилүү стратегиялык көпүрө болоорун билдирди.
“Бул долбоор инфраструктуралык гана мааниге ээ эмес, жашоонун жаңы сапатына, экономикалык өсүшкө, аймактар менен элдердин байланышын бекемдөөгө багытталган жол болуп саналат. Ал соода, инвестиция, өнөр жайды өнүктүрүү жана логистика үчүн жаңы мүмкүнчүлүк ачат, миңдеген жумуш орундарын түзөт жана биздин өлкөлөрдүн экономикасына күчтүү импульс берет. Бул масштабдуу иш-чарага салым кошуп жаткан баарыңвздарга ыраазычылык билдирем. Биз жөн гана жол куруп жаткан жокпуз, биз келечекти куруп жатабыз”, — деди МинКаб Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев.
Ал эми, иш-чарага катышкан Кытай Эл Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчиликтеринин, ошондой эле үч өлкөнүн мамлекеттик органдарынын, “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол компаниясы” биргелешкен ишканасынын өкүлдөрү, бул курулуп баштаган темир жол – биримдиктин, прогресстин жана келечекке болгон ишенимдин символу болоорун билдиришти.
Белгилей кетсек, курулуш иштери башталган бул туннелдин жалпы узундугу 12 чакырымды түзөт, ал Жалал-Абад облусунун Сузак районунан башталып, Нарын облусунан бүтөт. Узундугу ушундай эле болгон дагы 2 ири туннелдин курулушу Нарын жана Жалал-Абад облустарында пландалган.
Кыргызстандын аймагындагы Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол долбоорунун жалпы узундугу 300 чакырымдан ашуун аралыкты камтып, курулуштун жалпы наркы 4 млрд 700 млн долларды түзөт.