Жалал-Абад облусунда быйылкы жылы 9 мектеп оптимизацияга берилди

Жалал-Абад облусунда быйылкы жылы 9 мектеп оптимизацияга берилди

 Мындай маалыматты Жалал-Абад облустук усулдук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Шайырбек Эргешов билдирди. Анын айтымында кийинки окуу жылына да мектептерди оптимизаялоо боюнча аракеттер көрүлүп жатат.

“Баарына белгилүү болгондой, 2024-2025-окуу жылынан тарта КРнын Агартуу министрлигинин буйругу менен мектептерди аптимизациялаштырып келебиз. Быйылкы окуу жылында дубанда 9 мектепте мындай иштер жүргүзүлдү. Алар: Аксы районунда 1, Ала-Бука районунда 1, Ноокен районунда 5, Тогуз-Торо жана Базар-Коргон райондорунда бирден. Негизи оптимизация болоордон алдын биз тараптан мониторинг жасалат. Анда негизинен мектептердеги окуучулардын саны, мектептин сыйымдуулугу жана балдар билим берүү мекемелерине каттап окуудагы коопсуздук маселелери биринчи кезекте каралат. Алдыңкы убакытта бул мектептердеги билим берүү сапаты анализ жасалат. Ушул тапта биздин кызматкерлер быйылкы жылдкы оптимизация үчүн мониторинг жумуштарын жасап жатышат”-,деди жетекчи Ш. Эргешов.

Жалал-Абад облусунун аймагында жалпы 155 мамлекеттик жана 24 жеке менчик билим уялары бар. Мамлекеттик мектептерде 17 миң 238 мугалим эмгектенип, 282 миң 746 окуучу билим берип келишет.