Жалал-Абад облусундагы базарларда эттин баасына мониторинг жүргүзүлүүдө
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын 2026-жылдын 4-мартындагы, ошондой эле облустук бөлүмүнүн 6-мартындагы буйругуна ылайык, 2026-жылдын 2-майына чейин облус аймагында уй жана кой этине карата максималдуу баанын деңгээли убактылуу белгиленген. Коюлган талапка ылайык, уй жана кой этинин баасы 680–690 сомдун чегинде сатылышы зарыл.
Аталган чечимдин аткарылышын камсыздоо максатында Манас шаарындагы борбордук базарда эт саткан соода түйүндөрүндө мониторинг жүргүзүлдү. Анын жүрүшүндө соодагерлерге эттин баасын белгиленген чектен негизсиз жогорулатпоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, эскертүүлөр берилди.
Мындай рейддик иш-чаралар облустун Сузак, Базар-Коргон жана Ноокен райондорунун аймактарында да уюштурулуп, көзөмөл иштери улантылууда.


