Тазалык үчүн барыбыз жооптуубуз

Тазалык үчүн барыбыз жооптуубуз

Жалал-Абад облусунда, анын ичинде облустун борбору болгон Жалал-Абад шаарында 3 айлык ишембилик активдүү маанайда болот. Бул ыйгарым укуктуу өкүлдүн тиешелүү тескемесинин алкагында ишке ашырылат. Башкача айтканда 2025-жылдын 1-мартынан 1-июнуна чейин бардык район, шаарларда айлана-чөйрөнү архитектуралык талаптарга ылайык көрктөндүрүү жана жашылдандыруунун үч айлыгы жарыяланды.

Бул тууралуу облустук администрацияда өкүлдүн орун басары Урматбек Самаевдин жетекчилиги астында өткөн калаадагы мекеме ишканалардын жетекчилери катышкан жыйында кеңири айтылды.

Анда белгилүү болгондой ишембиликтерде көчө, аллея, сейил бактарга дарак көчөттөрүн, гүл түрлөрүн эгүү, бак-дарактарды бутоо, актап-сырдоо, санитардык абалын жакшыртуу, арык-каналдарды тазалоо жана жээк бекемдөө иштери аткарылат. Мындан сырткары ири автожол бойлорун абаттоо, көчөлөргө түнкү жарыктандыруу орнотуу, мекеме жана турак жайлардын архитектуралык көрүнүшүн жакшыртуу жумуштары күчөтүлөт.

Жыйында Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Урматбек Самаев үч айлыкты уюшкандыкта өткөрүү боюнча тапшырмаларды берди.

Эскерте кетсек быйыл, эгемендиктин 34 жылдыгы Жалал-Абад облусунун борбору Жалал-Абад шаарында өтүлүүсү боюнча өлкө башчы Садыр Жапаровдун сунушу айтылган. Буга карата калаада тазалык иш чаралары активдүү маанайда жүрүүсү зарыл. Ошондой эле бир гана мекеме ишканалар эмес, ар бир жашоочу,жаран айлана чөйрөсүн таза кармоо негизги максат.