Жалал-Абадда бир апта ичинде 59 мас айдоочу аныкталды

Жалал-Абадда бир апта ичинде 59 мас айдоочу аныкталды

Жалал-Абадда бир апта ичинде 59 мас айдоочу аныкталды. Мындай маалыматты Жалал-Абад облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти. Маалым болгондой, жол кыймылын тескеген инспекторлор 26-июлдан 1-августка чейинки аралыкта жол эрежесин бузган 2239 айдоочуга админстративдик протоколдорду толтурушкан.

«Апта ичинде инспекторлор ылдамдыкты ашыра айдаган 911 айдоочуну, унаасын карама каршы тилкеде башкарган 91 айдоочуну, айдоочулук күбөлүгү же унаанын техникалык паспорту жок унаа башкарган 36 айдоочу аныкталса, 1 айдоочу эч кандай уруксат кагазы жок унаанын алдыңкы терезелерин караңгылатып алган. Соңунда 124 айдоочу атайын айып короо жайына киргизилди»,-деп айтылат мекеме тараткан маалыматта.