Базар-Коргондо 3 жаштагы бала каза тапты. Ал дарыянын жээгинде ойноп жатканда сууга агып кеткен
Базар-Коргондо 3 жаштагы бала сууга агып каза болду. Каргаша 11-апрель күнү райондун Талдуу-Булак айылында болгонун жергиликтүү тургандар Турмуш басылмасына маалымдады. Белгилүү болгондой, 3 жаштагы бала айылдан өткөн Кара-Уңкүр дарыясынын жээгинде ойноп жатып сууга агып кеткен. Ал дээрлик 1 чакырымдай алыс аралыкка агып барып, анын жансыз денесин жергиликтүү тургундар суудан алып чыгышкан. Окуя боюнча милиция каттаган, маркум баланын жакындары арыз жазуудан баш тартышкан.
Бул маалыматты ӨКМдин Жалал-Абад облусундагы башкармалыгы да ырастап. Быйыл жыл башынан бери сууга чөккөн төртүнчү учур экенин айтты. Алардын ичинен үчөөсү жашы жете элек балдар болгон.
Эске салсак, былтыркы жылы дубанда жарандар сууга чөккөн 9 учур орун алган. Мындан улам, куткаруучулар ата-энелердин балдардын суу жээктеринде жүргөндө кайдыгер болбоого чыгарышат.