Тогуз-Торо районуна жаңы таштанды таштоочу урналар орнотулат

Мындай маалыматты райондук мамлекеттик админстрациядан билдиришти. Маалым болгондой, 300 даана таштанды таштоочу урна Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол курулушунун 7-дирекциясынын демөөрчүлүгү аркылуу алынып келинген.
Район акими Манасбек Мураталиев бул демилге аймакта тазалыкты камсыз кылууга жана жашоочулардын жашоо шартын жакшыртууга багытталганын айтты.
Алынган урналар төмөнкүдөй бөлүштүрүлдү:
• Атай айыл өкмөтү – 80 даана
• Каргалык айыл өкмөтү – 150 даана
• Тогуз-Торо айыл өкмөтү – 70 даана