Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаевдин жетекчилиги алдында облустук коллегиянын жыйыны болуп өттү. Ага облустук мекеме-уюмдардын жетекчилери, акимдер, мэрлер, айыл өкмөт башчылары, салык кызматтарынын, билим берүү, социалдык өнүктүрүү, саламаттыкты сактоо, спорт жана башка тармактардын жетекчилери катышты.
Күн тартибинде облустун
2025-жылдын алгачкы алты айындагы социалдык-экономикалык өнүгүүсү жана алдыдагы милдеттер, ошондой эле Ала-Бука, Токтогул райондору менен Кара-Көл, Таш-Көмүр шаарларындагы дене тарбия жана спорт тармагынын ишмердүүлүгү каралды.
Жалал-Абад облусунда 2025-жылдын январь–июнь айларында 26,9 млрд сомдук өнөр жай продукциясы өндүрүлүп, физикалык көлөм индекси 120,3%ды түздү. Тоо-кен, өнөр жайында 14,4 млрд сомдук өндүрүш камсыздалды (өсүү 130,3%). Райондор боюнча эң жогорку көрсөткүчтөр Чаткал (157,4%), Тогуз-Торо (127,3%) жана Ала-Бука (126,2%) райондорунда катталды.
Айыл чарба тармагында 22,2 млрд сомдук продукция өндүрүлүп, өсүү 102,5%ды, капиталдык инвестициялар 21,3 млрд сомго жетип, 145,3%ды түздү.
Курулуш тармагында 20,3 млрд сомго объекттер курулуп, өткөн жылга салыштырмалуу 163,2%га өстү. Энергетика тармагында үч кичи ГЭСтин курулушу жүрүп, анын бири ишке берилди. Ошондой эле “Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан” темир жолу жана “Жалал-Абад эл аралык” аэропортунун курулушу активдүү уланууда.
Бюджет жана салык түшүүлөрү
2025-жылдын биринчи жарым жылдыгында мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгү 108,5%га аткарылып, 10,9 млрд сомго жетти.
Өзгөчө кырдаалдар жана алдын алуу иштери алты ай ичинде облуста 1 ири техногендик кырсык жана 18 сел кырсыгы катталды. Өрт кырсыктарынын саны 201ди түзүп, 38,2 млн сомдук зыян келтирилген.
Жыйында ыйгарым укуктуу өкүл Тилек Текебаев облустун экинчи жарым жылдыгындагы негизги милдеттерди белгиледи.
Анда өнөр жай тармагын жандандыруу, район, шаарларда билим берүү сапатын жогорулатуу, жетишсиз болгон медициналык кадрларды тартуу, энелердин жана ымыркайлардын өлүмүнүн алдын алуу, Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинде ачылган темир жол, туризм, тейлөө багыты жана башка 30га жакын окуу тайпаларына студенттерди камсыздоону тапшырды.