Жалал-Абадда милиция кызматкерлерине жаңы автоунаалар тапшырылды

Жалал-Абадда милиция кызматкерлерине  жаңы автоунаалар тапшырылды

Улуттук  коопсуздук коминтетинин  төрагасы  генерал- полковник  Камчыбек Ташиев аймактардын географиялык шарттарын, район-шаарлардын өзгөчөлүктөрүн, ыкчам-кызматтык ишмердикти  бекемдөөнү эске алып, Жалал-Абад облусунун ШРИИБдин башчыларына  2025-жылы өндүрүштөн чыгарылган  “Шевроле Кобальт”,  “Sunray ESC”, “JAK 4WD” үлгүсүндөгү жалпы жыйырма кызматтык автоунааларды тапшырды. 

Автоунаа тапшыруу аземине Улуттук  коопсуздук коминтетинин  төрагасы  генерал-полковник  Камчыбек Ташиев, Жалал-Абад ОИИБдин башчысы Марлис Асанов, ардагерлер кенешинин төрагасы Капар Исаков, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана  ШРИИБдин башчылары, өздук курам катышты. 

Улуттук коопсуздук коминтетинин төрагасы генерал-полковник Камчыбек Ташиев, милиция кызматкерлерге кайрылып өлкөнүн ички коопсуздугун жана элдин бейпил жашоосун сактоо үчүн мамлекетке ак ниетүүлүк менен кызмат өтөп, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын сактап, элдин милицияга болгон ишенимин жогорулатуу багытында  талыкпастан эмгектенүүгө чакырды.

Ошондой эле Жалал-Абад ОИИБдин ардагерлер кеңешинин төрагасы Капар Исаков сөз сүйлөп, кызматкерлерге  акыл насаатарын айтып жакшы шарттар түзүлүп жаткандыгын баса белгиледи.