“Кыргызнефтегаз” ААКтын акционерлеринин жалпы жылдык жыйыны болду

Кочкор-Ата шаарында “Кыргызнефтегаз” ААКтын акционерлеринин жалпы жылдык жыйыны болуп өттү. Ага мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттигинин өкүлдөрү, мекеменин директорлор кеңешинин мүчөлөрү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, өндүрүштүк мекеменин жетекчилиги жана акционерлер катышты. Маалым болгондой, чогулуштун жүрүшүндө башкармалыктын төрагасынын өткөн жыл ичи аткарган жумуштарынын жыйынтыгы кабыл алынып, 2025-жылга карата бюджет, иш пландар бекитилди.
«Кыргызнефтегаз» ААКнун башкармалыгынын башчысы Нургазы Нишановдун айтымында өткөн 2024-жылы план боюнча 45 320 погондук метр бургулоо ниеттелген, иш жүзүндө 51 986 погондук метр бургуланды. 28 жаңы скважина бургуланган. Анын ичинде 25 мунай жана 3 газ скважинасы бар.
Ал эми газ өндүрүүдө план 113 % аткарылды. Тактап айтканда, 2024-жылы 25 миллион м3 жаратылыш газын өндүрүү пландалса, иш жүзүндө 28,2 миллион м3 газ өндүрүлгөнүн белгилеп өттү.
Мындан сырткары ал, былтыркы жылы мекеменин эсебинен 166,8 млн сом акча каражаты бөлүнүп, 50 өндүрүштүк жана социалдык объектилерде капиталдык курулуш иштери жүргүзүлгөнүн кошумчалады.
Кыргыз футбол биримдигинин көрсөтмөсү менен Кочкор-Ата шаарындагы «Нефтчи» стадиону толук реконструкциялоодон өтүп, заманбап шарттар жаратылды. Ага удаа эле, Базар-Коргон районунун Арстанбап айылындагы Зорька балдар лагериндеги заманбап 6 коттедждин курулушу болду.
Өндүрүштүк мекемеде иштин басымдуу бөлүгү техникага байланыштуу болгондуктан, 2024-жылы АПРС-40 подъемник, ЗЖ-40 бургулоочу станогун, “JAK” үлгүсүндөгү 2 жүк көтөргүч унааларын жана башка атайын техникалар сатылып алынган. Мунай өндүрүүдө аталган техникалардын орду чоң. Учурда ишканада 7 бригадалык топ бургулоо иштерин жүргүзүүдө.
Сөз болуп жаткан ишкана 2024-жылды жакшы киреше менен аяктаган. Консолидацияланган таза киреше 2 миллиард 854 миллион сомду түзгөн.
“Кыргызнефтегаз” ААК былтыр мамлекеттик бюджетке 1 миллиард 720 миллион сом төлөгөн.
Өлкө башчысы С. Жапаровдун Жалал-Абаддагы мунайды кайра иштетүүчү «Кыргыз Петролеум Компани» ЖЧКнун жаңылоо боюнча койгон тапшырмасына ылайык былтыркы жылы мекеме өздүк каражатынан 904,2 миллион сом же болбосо 10,1 миллион АКШ долларын бөлүп берген. Ал эми, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Финансы-кредиттик фондунан 1 миллиард 830 миллион сом же 21,1 миллион АКШ доллары демөөрчүлүк катары бөлүнгөн. “СПЭК Инжиниринг” компаниясынан -17,9 млн. доллар каржыланды. Жалпысынан 2024-жылы долбоорду каржылоого 49,3 миллион АКШ доллары бөлүнүп, ушул тапта реконструкциялоо жумуштары жүрүп жатат. Анын сметалык баасы 410 млн долларды түзөт.
Заводогу модернизациялоо жумуштары аягына чыкса АИ 95 маркасындагы бензин, дизилдик отуну жана башка продукциялар иштелип чыгып, өлкө аймагын арзан, сапаттуу күйүүчү, майлоочу май менен үзгүлтүксүз камсыздоого шарт жаралат.
Мындан сырткары өндүрүштүк мекеме Кочкор-Ата шаарындагы социалдык маселелерди өз каражатынын эсебинен чечип келет, тагырагы былтыркы жылы жалпысынан 98,6 млн. сомдук каражат жумшалган. Андан сырткары калаадагы ичүүчү таза суу долбоору боюнча мекеменин эсебинен 71,8 млн сом каражат сарпталган.
Жыйындын соңунда мекенин 2025-жылга карата иш пландары түзүлүп, өткөн жылдагы аткарылган иштердин жыйынтыгы кабыл алынды.