Жалал-Абадда милиция кызматкерлерине  18 даана  кызматтык унаа тапшырылды

Жалал-Абадда милиция кызматкерлерине  18 даана  кызматтык унаа тапшырылды

 Кечээ 21-октябрда калаанын Эркиндик аянтында уюштурулган саамалыкка  КРнын ички иштер министри Улан Ниязбеков,  Жалал-Абад ОИИБдин башчысы Марлис Асанов жана милиция кызматкерлери катышты. Облустук милициянын жетекчиси жаңыланган техникалар тартип сакчыларынын  ишин жеңилдетет  деген пикирде.

«Бүгүнкү күнү кызматкерлерге заманбап жаңы техникаларды тапшырып жатабыз. Жалпы 16 даана «Нива» үлгүсүндөгү унааны облустун алыскы аймактарындагы милициянын аймактык бөлүмчөлөрүнө бердик. Себеби, мындай кадам менен биз кызматкерлерибиз элдин арызын өз убагында кабыл алып ыкчам иш алып баруусун көздөйбүз. Аны менен катар Жалал-Абад шаардык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнө 2 даана «Шеврале» унаасы берилди. Бул да болсо тартип сакчыларынын жумушуна жеңилдик жаратат»,-дейт М. Асанов.

Эске салсак, кечээ 21-октябрда КРнын ички иштер министри Улан Ниязбеков Жалал-Абад облусуна расмий иш сапар менен келген. Ал жумушчу сапарынын алкагында милиция кызматкерлеринин бөбөктөрү үчүн курулган балдар бакчасын жана бир катар күч түзүмдөрүнүн капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөн имараттары менен таанышкан. Министр ушул тапта облустун бир катар район-шаарларында милиция кызматкерлеринин жаңы курулуп жаткан обьектилери бар экен, алар да жакынкы күндөрү колдонууга берилээрин маалымдады.

"Акыйкат"