Көк-Арт дарыясынын жээгин бойлой Манас шаарына кирүүчү дагы бир жол курулуп жатат

Көк-Арт дарыясынын жээгин бойлой Манас шаарына кирүүчү дагы бир жол курулуп жатат

Шаардык мэриядан билдиргендей бул курулуш калаага кирген негизги жолдордогу унаа тыгындарынын алдын алуу жана айдоочуларга ыңгайлуу шарт түзүү максатын көздөйт. Жолдун курулушун “Кыргызавтожол түштүк” мекемеси жүргүзүп жатат, мекеменин өкүлү Муса Бердигуловдун айтымында ушул тапта жеринде ондогон техника иштеп жатат. 
“ Көк-Арт дарыясынын жээгин бойлой Бишкек-Ош жолу менен Манас-Благовещенка жолун бириктирген жаңы жол курулууда. Аталган жолдун узундугу 9 чакырым 200 метрди, туурасы 8 метрди түзүп, республикалык бюджеттен каржыланат. Ушул тапта жолдун алгачкы жумуштары башталды, анын сметасы жана долбоору удаа  (паралельно) даярдалууда. Азыркы тапта 22 Хово, 2 жүктөгүч (погрузчик), 2 эксковатор жана 1 грейдир иштеп жатат”,-деди М. Бердигулов.  
Кошумчалай кетсек, сөз болуп жаткан курулуш жыл соңуна чейин аягына чыгаары пландаштырылып жатат, аталган жол Манас шаарына кирчү альтернативалык жол катары пайдаланылат.