2026-жылдын 14-январь күнү Манас шаардык ички иштер бөлүмүнө Манас шаарынын 1989-жылы туулган тургуну арыз менен кайрылган. Арызында ал 2026-жылдын 13-январынан 14-январына караган түнү, болжол менен саат 02:00 чамасында Манас шаарындагы тамактануучу жайлардын биринде белгисиз жарандар кассадан 14 000 сом акча каражатын жана жалпы баасы 17 000 сомду түзгөн “Redmi Note 9” үлгүсүндөгү 2 даана уюлдук телефонун уурдап кеткенин билдирген.
Аталган факты Манас ШИИБдин кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) менен катталып, кылмыш иши козголгон.
Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын жана Манас ШИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлеринин ыкчам иш-аракеттеринин натыйжасында козголгон кылмыш ишине шектүү катары 34 жана 36 жаштагы эки жаран аныкталып, тергөө органдарына жеткирилген. 2026-жылдын 2-февраль күнү Манас шаардык сотунун чечими менен шектүүлөр 1 айга камакка алынган.
Тергөө амалдарынын жүрүшүндө 34 жаштагы А.А. жана 36 жаштагы Ю.А. аттуу жарандардын буга чейин катталган башка батир уурулук кылмыштарына да тиешеси бар экендиги аныкталган.