Бишкек-Ош унаа жолунда мазут жүктөп бара жатып, жол кырсыгына кабылган айдоочуга дээрлик 40 миң сомдой айып пул салынды
Мындай чара күйүүчү зат Нарын дарыясына төгүлүп жана жер кыртышына зыян тийгизгенинен улам кабыл алынганын Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Жалал – Абад регионалдык башкармалыгынын башчысы Дурусбек Залимбеков билдирди. Анын айтымында адистер жеринде иш алып барган.
“Баарына маалым болгондой, кечээ 14 - январь күнү Бишкек-Ош унаа жолунун 428 чакырымында жеке айдоочу К. А өзүнө тиешелүү болгон “DAF” үлгүсүндогү унаасы менен жол кырсыгына кабылган. Ал “Жалал-Абад КПК” заводунан Кара-Балта тепло энерго ишканасына 36 410 литр мазут мунайын жүктөп бара жатканы белгилүү болгон. Кырсык болгон учурда мазут жол жээгине жана Нарын суусуна төгүлгөн, суунун анализдери алынып жана жер кыртышына жалпы 49 м2 зыян келтирилгени аныкталды. Ал боюнча келтирилген зыяндын суммасы 9525,6 сомду түздү, аны менен бирге укук бузуулар кодексинин 237-беренесине ылайык 20 000 сом өлчөмүндө жана 236-беренси менен 10 000 сом айып пулдар салынды”,-деди ал.
Өлкөдөгү Эл аралык мааниге ээ болгон Бишкек-Ош унаа жолунда орун алган бул кырсыкка оор жүк ташуучу унаанун рулдук рейкасы сынып кетип, унаа башкаруудан чыкканы себеп болгону айтылган. Кырсыктан эч ким жабыркаган эмес.