Манас шаарында 18 жаштагы Хасиятхан дээрлик бир айдан бери дайынсыз болууда
Мындан улам милиция өспүрүмдүн жүргөн жерин аныктоо максатында коомчулуктан жардам сурайт. 2008-жылы туулган Абдуллаева Хасиятхан Мирзахидовна 2025-жылдын 16-декабрь күнү саат 11:00 чамасында өзү жашаган калаадагы А. Новаи №23 дарегиндеги үйүнөн паспортун алып белгисиз жакка чыгып кеткен бойдон кайткан эмес.
Белгилери:
Бою 155-160 см, өңү кара-тору, кашы-көзү кара, орто дене түзүлүштө.
Кийген кийимдери: кара түстөгү куртка, көк шым жана бутунда кара түстөгү бут кийим болгон.
Дайынсыз болуп жаткан Абдуллаева Хасиятхан Мирзахидовна
тууралуу кандайдыр бир маалымат болсо биздин дарекке кабарлап коюуңуздарды суранабыз.
Тел.: 102, (03722) 5 28 31, 0509 40 13 24.
