Жалал-Абадда жүргүнчү ташыган коомдук автобус жол кырсыгына кабылды

Жалал-Абадда жүргүнчү ташыган коомдук автобус жол кырсыгына кабылды

Мындай маалымат социалдык тармактарга тарады. Белгилүү болгондой, окуя кечээ 24-ноябрда калаанын Манас жана Р. Азимова көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.

Аталган кырсык боюнча Жалал-Абад шаардык мунициалдык автобазанын жетекчиси Афталдил Максүтов да ырастады.

«Маалым болгондой жүрүп бара жаткан автобус жол четинде токтоп турган жеңил унаанын алдыңы бамберине илинип, жулуп кеткен. Ошол замат биздин айдоочу жеңил унаанын чыгымын төлөп, оңдоп берди, кырсыктан эч ким жабыр тарткан жок»,-дейт мекенин жетекчиси.
Эске салсак, жүргүнчү ташыган автобустардын катышындагы кырсык 1-ноябрда орун алган. Өткөн айда, ушул эле коомдук транспорттун катышуусунда
дагы 2 жол кырсыгы орун алган болчу.