Жалал-Абад: Борбордук аянт шаңга бөлөндү

Жалал-Абад: Борбордук аянт шаңга бөлөндү
Сүрөттөр Президенттин Жалал-Абаддагы Өкүлчүлүгүнүн баракчасынан алынды 

Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүлүгүнүн 33 жылдык майрамы жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдык мааракесине карата Жалал-Абад шаарынын борбордук аянтында салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү.

Салтанат алгач Жалал-Абад таланттары тарабынан даярдалган театралдаштырылган көрүнүштөр менен башталды.

Ошондой эле  Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Мамасалы Акматов, шаар мэри Эрнисбек Ормоковдор баштаган жергиликтүү бийлик жетекчилери, аксакалдар, мекеме-ишканалардын жамааты, калаа тургундары жана меймандары катышты.

 

Иш-чарада облус башчысынын орун басары М.Акматов менен шаар мэри коомчулукту  Эгемендүүлүк майрамы жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдык мааракеси менен куттукташты.

Атайын куттуктоолордон кийин  концерттик программа улантылды.