Жалал-Абадда Эл аралык театр күнү белгиленди

Калаадагы Барпы Алыкулов атындагы драм-театрынын жетекчиси Таалайбек Тургунов бул күндү утурлай көрүүчүлөргө трагедия-коммедиялык спектакль коюлганын айтат.
«Кечээ, 27-мартта театр күнүн белгилеп, коноктор үчүн трагедия-комедиялык спектакль коюп бердик. Ал жерде коммедиясы да монологу да бар.
Апрель айында биздин жамаат облустагы айыл аймактарды кыдырып, «Кыйылган өмүр» спектаклын коюп келүүнү пландап жатабыз. Анда жаштардын кылмыштуулукка барганы, анын арты кандай болоору көрсөтүлгөн. Район акимдеринин сунушу менен мектеп окуучулары үчун тарбиялык мааниси бар ушул чыгармабызды тартуулайбыз. Жыл башынан бери биздин актёрлор тарабынан өз репертуарыбызга жаңы 4 спектакль 1 жомок даярдап коштук. Буйруса сентябрь айында театр сезону үчүн 15 спектакль даярдап, театр жумалыгын өткөрүп, шаар тургундары үчүн маданий эс алуу тартуулоону пландап жатабыз»,-деди жетекчи Тургунов.
Эске салсак, Б. Алыкулов атындагы драма-театрында 103 штат бирдиги бар, бүгүнкү күнү мында 78 кызматкер эмгектенип келет.
Ал эми, 27-март, 1961-жылдан тарта Эл аралык театр күнү катары белгиленип келет.