Аксыда жергиликтүү тургун айылдын ички жолдоруна 90 «Хово» шагыл төгүп, оңдоп жатат

Аксыда жергиликтүү тургун айылдын ички жолдоруна 90 «Хово» шагыл төгүп, оңдоп жатат

Райондун Үч-Коргон айыл аймагынын тургуну Мейкин Эшим уулу бул ишти айыл элине кыйынчылык жаралганынан улам жасаганын айтат.

«Өзүбүз бир канча жылдан бери айылдын четиндеги карьерден шагыл алып ишкердик менен алектенебиз. Мындан улам айыл өкмөткө социалдык пакет ирээтинде жыл сайын айылдын ички жолдоруна жаңы конуштарга шагыл төгүп, жолду сүрүп тегиздеп беребиз. Бул жылы эрте жазда жаан чачын болуп, жолдордун баткактыгын, анда жүргөн жашоочулардын кыйналганын көрүп, демилге көтөрүп 90 "Хово" шагыл төгүп, аны тегиздеп берүүнү колго алдым. Учурда 5-6 көчөдө жумуштар аягына чыгып калды. Негизи техника, шагыл казылып алынчу карьер өзүбүздөн болгон үчүн, чыгаша күйүүчү майга гана кетип жатат. Бүгүнкү күнгө чейин 150 миң сомдой чыгым кетти. Менин жасап жаткан жумушум бир чети жылда аткарчу социалдык пакет болсо, экинчиси рамазан айында айылдаштарыма бир аз шарт түзүп берип, жакшы иш жасоо»,-дейт М. Эшим уулу.

Мындан сырткары ал жарандарга колунда мүмкүнчүлүк болуп турса, бул саамалыкты улантса болоорун айтат.