Нарында жоголгон ата-бала Токтогулдан да изделип жатат

Нарында жоголгон ата-бала Токтогулдан да изделип жатат

Нарын облусунун Жумгал районунда дайсынсыз жоголгон ата-бала Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул районунун аймагынан да изделип жатат. Мындай маалыматты Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жалал-Абад облустук башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, издөө иштерине 3 куткаруучу тартылды.

«Дайынсыз болуп жаткан ата-баланы издөө иштерин улантуу үчүн Токтогул райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн атайын даярдыктагы 3 кызматкери КамбарАта-2 ГЭСинин аймагында издөө иштерин жүргүзүүдө.

Ушул тапта издөө иштери күчөтүлүп, Нарын облусунун Жумгал районундагы Өрнөк айылына ӨКМ тарабынан 46 куткаруучу жана 6 дрон жөнөтүлдү. Мындан сырткары ИИМден 38 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 10 адам, жалпы 94 адам тартылды», - деп айтылат маалыматта.

Көкөмерен дарыясы Токтогул районуна тез агып баргандыктан бул аймакта да издөө иши жүрүп жатат.

Жумгал районунун Өрнөк айылында 49 жаштагы К.Б. жана анын 9 жаштагы уулу

С.Б. 16-октябрда дайынсыз жоголгон.

"Акыйкат"