Кара-Дарыя: таза суу долбоору ишке берилип, жаңы футбол аянтчасы ачылды

Кара-Дарыя: таза суу долбоору ишке берилип, жаңы футбол аянтчасы ачылды

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев Сузак районунун Кара-Дарыя айыл аймагынын Кайрагач айылында толук аяктаган таза суу долбоорун ишке берди.

Иш-чарага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, демилгечилер жана айыл тургундары катышышты. Долбоор “Ас-Сафа борбору” фондунун каржылык колдоосу менен ишке ашып, жалпы 11 млн 339 миң акча каражаты жумшалган.

Облус башчысы Тилек Текебаев таза суу көйгөйүн чечүү — аймактарды өнүктүрүүдөгү негизги багыттардын бири экенин баса белгилеп, демилге көтөргөн жана каржылык колдоо көрсөткөн тараптарга ыраазычылык билдирди.

Өкүл Кара-Дарыя айыл аймагына 2025-жылы өзгөчө көңүл бурулганын белгилеп, аймакта ишке ашкан бир катар ири социалдык жана инфраструктуралык долбоорлорду атады.

Мындан тышкары, облус башчысы Кара-Дарыя айыл аймагынын Арал айылында жеке ишкер тарабынан курулган кичи футбол аянтчасын ачып берди.