Каныкей Момунова "Шах-Фазил" комплексинин жетекчиси болду
52 жаштагы юрист жана тарыхчы Каныкей Момунова "Шах-Фазил" мамлекеттик тарыхый-маданий корук-музейине директор болду. Тиешелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев кол койгон. Белгилүү болгондой, бул маданий жайды буга чейин жетектеп келген Эркин Бегимкулов өз каалоосу менен ээлеген кызматынан бошотулган.
Шах-Фазил — бул Кыргызстандын Жалал-Абад облусунда, Ала-Бука районуна караштуу аймакта жайгашкан тарыхый-маданий жана диний ыйык жай. Ал Борбор Азиядагы эң белгилүү исламдык архитектуралык эстеликтердин бири болуп эсептелет. Ал болжол менен XI–XII кылымдарда Караханиддер доорунда курулган.
2016-жылы Шах-Фазил комплекси ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилген.
резюме:
Толук аты-жөнү: Момунова Каныкей Насирдиновна
Туулган жылы, айы, күнү: 17.07.1973-жыл
Туулган жери: Жалал-Абад облусу Ала-Бука району Жапа-Салды айылы.
Билими: жогорку 1988- 1992- жылы Жалал-Абад шаарындагы педагогикалык окуу жайы
1997–2000-жылдары Ош мамлекеттик университетинде тарых факультетинде
2017–2020-жылдары Ош шаарындагы Кыргыз–Өзбек университетинде юриспруденция багыты боюнча
Эмгек жолу: 1993-жылы В.Белинский атындагы орто мектепте башталгыч класстын мугалими.
2013–2024-жылдары Ак-Там айыл өкмөтүндө жооптуу катчы.
2024-жылы Т.Балтагулов айыл өкмөтүнүнүн башчысынын орун басары.
Муниципалдык кызматтын 2-класстагы кеңешчиси.


