Жалал-Абадда 3 күндө жол эрежесин одоно бузган айдоочулар дрондун көмөгү менен аныкталып, аларга 1 миллион сомдон ашуун айып пулдар салынды

Мындай маалыматты Жалал-Абад облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти. Маалым болгондой, мындан ары дрондор Бишкек-Ош унаа жолунун 3 участкасында учурулуп турат.
«Акыркы бир аптадан бери жол кыймылын тескеген инспекторлор Бишкек-Ош унаа жолундагы жол кырсыгы көп катталган, айдоочулар жол эрежесин көп бузат деген 3 участкада, тагырагы жолдун Сузак, Ноокен жана Токтогул райондорундагы тилкесинде дрондорду учуруп эреже бузган айдоочуларды аныктап, аларга чара көрүп жатышат. Акыркы 3 күндө эле эрежени одоно бузган 68 айдоочу дрон менен аныкталып админстративдик протоколдор толтурулду. Аларга салынган айып пулдун жалпы суммасы 1 миллион 20 миң сомду түздү. Ушул тапта сөз болуп жаткан участкаларга дрондун белгиси орнотулду, мындан ары инспекторлор ошол аймакта тыкыр иш алып барышат»,-деп билдирди облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн.