Эмгек кодекси: Жыл ичинде кайсы күндөрү эс алуу болот?

Эмгек кодекси: Жыл ичинде кайсы күндөрү эс алуу болот?

Жогорку Кеңештин 18-декабрдагы жыйынында Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин долбоору жана «Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексин колдонууга киргизүү жана Кыргыз Республикасынын эмгек чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору экинчи жана үчүнчү окууда каралды.

Өзгөртүүлөр боюнча демилгечи – Министрлер кабинетинин төрагасы. Депутаттардын суроолоруна Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшан Сабиров баштаган жетекчилер жооп беришти – деп айтылат парламенттин расмий сайтында.

Анда айтылгандай Мыйзам долбоорлору кызматкерлердин жана иш берүүчүлөрдүн кызыкчылыктарынын тең салмактуулугуна жетишүүгө багытталган.

Анын ичинен, долбоорлор менен эмгек келишиминин, эмгек мамилелеринин тартибин жөнөкөйлүштүрүү; Кыргыз Республикасында мамлекеттик майрамдардын жана жумуш эмес майрамдардын санын кыскартуу; жаңы жылдык жана май каникулдарын белгилөө; дем алыш күндөрүн которуу ченемин жокко чыгаруу; ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар, балдар үйлөрүнүн бүтүрүүчүлөрү үчүн жумуш орундарын квоталоо боюнча атайын иш-чараларды белгилөө.

Жыйындын чечими менен жумуш күнү деп эсептелген майрамдар: 23-февраль (Ата-Мекенди коргоочулардын күнү), 7-апрель (Апрель революциясынын күнү), 7-8-ноябрь (Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү).

Ал эми жумуш эмес майрам күндөрү: 8-март (аялдардын эл аралык майрамы), 21-март (Нооруз майрамы), 5-май (Конституция күнү), 9-май (Улуу Ата-Мекендик согуштагы жеңиш күнү) жана 31-август (КРнын Эгемендүүлүк майрамы) күндөрү.

Ошондой эле май айындагы төмөнкүдөй каникул күндөрү деп чечилди: 1-2-3-4-6-7-8-май күндөр дагы жумуш эмес күндөр деп эсептелет.

Мыйзам долбоорун талкуулоодо депутаттар жашы жете элек балдардын эмгекке тартуу маселелерине, деңиз деңгээлинен 1800 метр бийиктикте жана андан бийик жайгашкан калктуу конуштар, оор эмгек шарттары, коркунучтуу жана зыяндуу факторлоруна, оор шартта иштеген кызматкерлердин нормаларын киргизүү, жеке ассистенттердин маянасын жашоо минимумуна карата төлөө жагдайларына  көңүл бурулду. Аны менен катар мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды майыптык араба менен камсыздоону тездетүү, социалдык кызматкерлердин маяналарын көтөрүү тууралуу сунуштар, жумуш учурунда ден соолугунан жабыркаган жана каза болгон жабырлануучуларга төлөнүүчү кенемтелердин суммасы тууралуу тактоолор жана сунуштар айтылды.

"Акыйкат"