Облус башчы Тилек Текебаев Таш-Көмүр шаарында ипотекалык үй катары капиталдык оңдоодон өткөрүлүп жаткан имараттагы жумуштар  менен таанышты.

Облус башчы Тилек Текебаев Таш-Көмүр шаарында ипотекалык үй катары капиталдык оңдоодон өткөрүлүп жаткан имараттагы жумуштар  менен таанышты.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев Таш-Көмүр шаарынын Кызыл-Алма айылында Мамлекеттик Ипотекалык Компаниясы тарабынан капиталдык оңдоодон өткөрүлүп жаткан 96 батирлүү көп кабаттуу үйдөгү жумуш ыргагы менен таанышты. Бул туурасында облус башчынын басма сөз катчысы Нурайым Турдумаматова кабарлады.

Маалымдамада айтылгандай, аталган жай буга чейин жеке менчиктеги каралбай калган 400 орундуу жатакана имараты болгон. Шаар жашоочуларынын турак жай муктаждыгын чечүү максатында, 96 батирлүү көп кабаттуу турак жай катары толук оңдоодон өткөрүлүп жатат. Учурда имараттардын чатыры жабылып, терезелери коюлуп, оңдоо-курулуш иштери жүргүзүлүүдө.

Жеринен кабар алганы барган облус башчысы Тилек Текебаев, курулушту жүргүзгөн компания жетекчилигине жумушту сапаттуу жүргүзүү зарылдыгын эскертти. Ага катар бир катар кемчиликтерди жөнгө салуу тапшырмасын берди.

Мындан сырткары ыйгарым укуктуу өкүл шаардын Баетов көчөсүндө жаңы курулган скверди көрүп чыкты. Ага катар шаардагы 4 миң орунга ылайыкташтырылган “Шахтёр” стадионун реконструкциялоо жумуштары менен таанып, курулушту ушул жылдын май айына чейин бүткөрүү тапшырмасын берди – деп айтылат билдирүүдө.