Эмгектин ардагери Абдилла Жоробаев 103 жашында каза болду

Эмгектин ардагери Абдилла Жоробаев 103 жашында каза болду

Маркум кечээ 24-августта жерге берилгенин анын айылдаштары билдирди. Ал Базар-Коргон районунун Кеңеш айыл аймагына караган Кызыл-Октябрь айылында жашачу. Анын артында 40тан ашык небереси, 83 чебере жана 10 кыбырасы калды.

Абдилла Жоробаев 101 жашында Турмуш басылмасына маек куруп, балалык жылдары экинчи дүйнөлүк согуш учуруна туш келип, ата-энесинен эрте ажырап, фронтто иштеген учурларын эске салган. Ал согуш жылдары эл чириген картошкадан нан жаап жеп, жан сактаганын эскерген болчу.