Жалал-Абад: мамлекеттик тил эрежелерин сактабаган көрнөк-жарнактар алынды

Жалал-Абад шаарынын мэринин орун басары Гүлбарчын Таштанбекова Жалал-Абад шаарынын мэриясынын алдында түзүлгөн мамлекеттик тил комиссиясы менен биргеликте борбордук көчөлөрдө мамлекеттик тил эрежелерин сактабаган, аталышы чет тилинде жазылган соода жайларына рейд уюштуруп, баннерлер, жазуулар жеринде алынып, ишкерлерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Эске салсак, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндөгү Конституциялык мыйзамынын 11-26-беренелерине ылайык, жарнамалар, кулактандыруулар, прейкурсанттар жана башка маалыматтар адегенде мамлекеттик тилде, андан кийин расмий тилде, зарыл учурларда башка тилдерде жол –жоболоштурулат. Мындан сырткары, 107-беренеге ылайык, адабий тилдин ченемдерине ылайык келбеген уят сөздөрдү камтыган тексттерди пайдалануу, маалыматтык билдирүүлөрдү жайгаштыруу, илүүгө тыюу салынат.
Конституциялык мыйзамды жана мамлекеттик тил чөйрөсүн жөнгө салуучу башка мыйзам актыларын бузгандар жана сактабагандар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат. Тагыраагы, жеке жактарга 5500сом, юридикалык жактарга 17000 сом өлчөмүндө айып бул салынат.
Алдыда мындай текшерүүлөр уланат.