Жалал-Абадда 7800дөн ашык бүтүрүүчү жалпы республикалык тестирлөөгө катышып жатат

Жалал-Абадда 7800дөн ашык бүтүрүүчү жалпы республикалык тестирлөөгө катышып жатат

Жалал-Абад облусунда 7858 бүтүрүүчү ЖРТдан өтүп жатышат. Мындай маалыматты облустук усулдук билим берүү борборунун башчысы Шайырбек Эргешов билдирди. Анын айтымында тестирлөө 17-майдан 23-майга чейин өткөрүлөт.
“2025-2026-окуу жылында дубандагы мектептерден 10 868 окуучу 11-классты аяктап жатат. Алардын ичинен ЖРТ (жалпы республикалык тестирлөөгө) катталган. Ушул күндөрү тестирлөө өнөктүгү жүрүп жатат. Тагырагы адистер 1 апта бою бүтүрүүчүлөрдүн билимин баалашат. Облус боюнча 21 мектепте тест борборлору уюштурулду”-,дейт Ш. Эргешов.
Кошумчалай кетсек, Жалал-Абад облусунун аймагында 479 мектеп бар болсо, алардын 455 мамлекеттик мектептер.