Бүгүн, 22-май күнү, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев Базар-Коргон районунун Сайдыкум айыл аймагынын жергиликтүү тургундары менен жолугушту.
Жолугушууга облустук жана райондук мекеме-ишканалардын жетекчилери, ошондой эле 310 жергиликтүү тургун катышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө тургундар тарабынан негизинен Базар-Коргон райондук ооруканасындагы медициналык тейлөөнүн сапатынын төмөндүгү боюнча маселе көтөрүлдү. Бул багытта облус башчысы Тилек Текебаев тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилерине атайын комиссия түзүп, аталган мекеменин ишмердүүлүгүн жеринде карап чыгуу боюнча тапшырма берди.
Ошондой эле автоунаа жолдорунун абалы, таза суу, жер мунапысы, жол кеңейтүүгө байланыштуу турак жайларды жылдыруу маселеси, турак үйлөргө мамлекеттик актыларды алуудагы көйгөйлөр, мектеп жана спорттук аянтчаларды куруу, айылдагы пахта заводу менен кампаларды мыйзамдаштыруу, ветеринардык башкармалыктын ишмердүүлүгү, ошондой эле коррупцияга байланыштуу маселелер көтөрүлдү.
Жалпысынан 30 жаран тарабынан 49 маселе айтылып, тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилерине аларды мыйзам чегинде чечүү боюнча тапшырмалар берилди.
Облус башчысы Тилек Текебаев көтөрүлгөн маселелер көзөмөлгө алынып, чечүү багытында жумуштар жүргүзүлөрүн кошумчалады.