Бүгүн, 22-май күнү, кыска мөөнөттө жааган жамгырдын кесепетинен Жалал-Абад облусунун бир катар аймагында сел жүрүү фактылары катталды.
Саат 20:10го карата облус аймагында жалпы 7 сел катталган. Анын ичинен Аксы районунда 3, Таш-Көмүр шаарында 2, Манас шаарында 1 жана Сузак районунда 1 сел жүргөн.
Алдын ала маалымат боюнча, Бишкек–Ош автоунаа жолунун 432-чакырымындагы Разан-Сай тилкесинде сел жүрүп, жолго кум-шагыл түшүп, автоунаалардын өтүүсүнө тоскоолдук жаралган. Учурда Таш-Көмүр шаарындагы №38 Жол тейлөө мекемесинин техникалары тарабынан тазалоо иштери жүргүзүлүүдө. Жол бир тараптуу ачык.
Ошондой эле Аксы районунун Ак-Суу айыл аймагындагы кокту-колоттордон түшкөн сел суулары Таш-Көмүр–Кербен автоунаа жолунун Балапан-Сай тилкесинде катуу сел жүрүүсүнө себеп болгон. Алдын ала маалыматка ылайык, сел агымы 1 “Спринтер” үлгүсүндөгү автоунааны агызып кеткен.
Окуя тууралуу маалымат 112 кызматы аркылуу түшүп, жерине 2-өзгөчө кырдаалдар отрядынан 5 куткаруучусу иш алып барууда.
Учурда жер-жерлерде тактоо иштери жүргүзүлүп, тиешелүү күч каражаттар тартылып, селдин кесепеттерин жоюу иштери улантылууда.