“Бүргөндү айыл Өкмөтүнүн 2023-жыл ичи  бюджетинин аткарылышы жөнүндө”

Бүргөндү айылдык кеңешинин

XXVIII – чакырылышынын кезектеги XXV – сессиясынын

 Жаңы-Арык айылы                       5 Т О К Т О М У                   2-февраль  2024-жыл 

“Бүргөндү айыл Өкмөтүнүн 2023-жыл ичи 

бюджетинин аткарылышы жөнүндө”

Бүргөндү айыл Өкмөтүнүн 2022-жыл ичи бюджеттин киреше жана чыгашаларынын аткарылышы жөнүндө финансы – экономика бөлүмүнүн башчысы М.Осмоновтун отчетун арын угуп жана талкуулап Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVIII – чакырылышынын кезектеги  XXV – сессиясы 

Т О К Т О М    К Ы Л А Т: 

1.Бүргөндү айыл Өкмөтүнүн 2023-жыл ичи бюджеттин киреше жана чыгашаларынын аткарылышы жөнүндө финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы М.Осмоновдун отчету эске алынсын. 

  1. Бүргөндү айыл Өкмөтүнүн киреше бөлүгүнүн 2023-жылга карата такталган планы 41331,0 миң сом, жыл башында бекитилгени 28890,5 миң сом болуп, аткарылганы 42242,6 миң сомго белгиленсин. 

3.Чыгаша бөлүгү смета боюнча такталган планы 47960,8 миң сом, жыл башында бекитилгени 28890,5 миң сом болуп, аткарылганы 38396,8 миң сомго белгиленсин. 

  1. Өндүрүлбөй калган салыктарды жана ижаранын түрү боюнча баардык ижара акыларды өндүрүү, бюджетти толтуруу финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы М.Осмоновко милдеттендирилсин. 

5.Бул токтом массалык маалымат каражаттарына же  сайтка жарыялансын. 

6.Токтомдун  аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Бүргөндү айылдык кеңешинин Финансы, бюджет экономика, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ө. Калмуратовко милдеттендирилсин.

 Бүргөндү айылдык

кеңешинин төрагасы:                                А. Кубатбеков