Жалал-Абадда быйылкы жылдын эсебенен расмий жумушсуз каттоодо турган 25 жаран кесипке ээ болуп, күбөлүктөрү тапшырылды

Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык эмгек-социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын алдындагы калкты иш менен камсыз кылуу бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучусу Элзада Мамасалиева билдирди. Анын айтымында былтыркы жылы расмий жумуш болгон 106 киши окутуудан өтүп, жумуштарга орнотулган.
«Акыркы жылдары биздин бөлүм жумушсуз кесиби жок жарандарды окутуу багытында алгылыктуу жумуштарды аткаруудабыз. Калаадагы №75- кесиптик лицейи менен биргеликте кесипке багытталган курстарды уюштуруп окутуудабыз. Бул окуу жайды тандап алганыбыздын себеби, мында окуу үчүн бардык өндүрүштүк лабороториялар жана кадрлар жетиштүү. Мында былтыркы, 2024-жылы 106 кишини окутканбыз. Азыркы тапта 2025-жылдын алгачкы бүтүрүүчүлөрү кыска мөөнөттүү окутуулардан өтүп, сертификаттарын колго алуу алдында турат. Алардын ичинен 10 кыз келин тигүүчүлөр, 13 эркек балдар ширетүүчү кесибине ээ болду. Окуу мөнөтү 3 айды түзөт, бул аралыкта жумушсуз жарандар өздөрү кызыккан кесипке ээ болуу менен, биз тараптан стипендия жана мамлекеттик үлгүдөгү сертификатка ээ болот. Мында жумушсуздардын жаш өзгөчөлүгү 18 жаштан 45 жашка чейинкилер. Негизинен азыркы тапта зарылчылык жаралган кесиптерди окуп үйрөтөбүз. Алар, кыздар үчүн тигүүчү, ашпозчу, укалоочу, чач тарач, ал эми эркек балдар үчүн ширетүүчү, плотник, автомеханик, штукатурик жана сантехник кесиптери»,-дейт Э. Мамасалиева.
Мындан сырткары ал быйылкы жыл Жалал-Абад шаары түрк тилдүү мамлекеттеринин туристтик борбору аталгандыктан, алдыда окуу жай менен биргеликте эс алуучуларды сервистик тейлөө багытында, гид болуп кызмат көрсөткөн адистерди окуткан бөлүм ачуу планы бар экенин кошумчалады.
2024-жылдын жыйынтыгы менен Жалал-Абад шаарында 256 киши расмий жумушсуз катары каттоодо турат.
Эске салсак, сөз болуп жаткан №75-кесиптик лицейде бүгүнкү күндө 9-классты аяктаган 535 бала 6 кесипке багытталган адистиктер боюнча билим алат. Мындан сырткары окуу жайдын базасында ондогон кесипке багытталган кыска мөөнөттү окуу курстары бар.