Жалал-Абадда 11 жаштагы баланын баш мээсине уникалдуу операция жасалды

Жалал-Абадда 11 жаштагы баланын баш мээсине уникалдуу операция жасалды

Мындай маалыматты Жалал-Абад облустук биргелешкен бейтапканасынан билдиришти. Маалым болгондой, операцияны нейрохирург Абдибаит Идирисов жасаган. Учурда баланын абалы жакшы. 
«11 жаштагы баланын ата-энеси Россия Федерациясында үй-бүлөсү менен миграцияда жүргөн. Бала акыркы учурда башы каттуу ооруп, абалы начарлагандыктан тез жардам чакырганда анын баш мээсинде эхинокоз курту бар экени аныкталып, ал гиганттык өлчөмдө чоңоюп кеткени белгилүү болгон. Ал эми, бейтапканага барганда ал жактагы дарыгерлер баланын баш мээсине операция жасалаары, бирок анын наркы жарым миллион рубль болоорун айткан. Андай көп суммадагы каражаты жок журтташтар бизге кайрылган. Бала бизге келгенде абалы өтө оор болчу, курт чоңоюп, баш мээси сууга толуп, шишип, баштын көлөмү да чоңоюп кеткен экен. Келер замат ага операция жасалып, курт толугу менен алынды. Чет өлкөдө жарым миллионго бааланган уникалдуу операция өзүбүздүн жаранга акысыз жасалды. Учурда баланын абалы жакшы, үйүнө уруксат берилди»,-деди  нейрохирург Абдибаит Идирисов. 
Медицина  илимдеринин кандидаты, нейрохирург Абдибаит Идирисов дээрлик 30 жылдан бери аталган ооруканада эмгектенип келет. Учурда ал бейтапкананын нейрохирургия бөлүмүнүн башчысы кызматын аркалайт. Дарыгер, өзүнүн тажрыйбасында адамдын баш мээсине ондогон уникалдуу операцияларды жасаган. Алардын бири 2023-жылдын февраль айында Жалал-Абад шаарында адамдын башына атылган ок операция жолу менен алынган.