Иш-чарада Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Талантбек Эдилов сөз сүйлөп, жарлыктын мааниси жана аны жүзөгө ашыруунун зарылдыгы тууралуу белгилеп өттү.
Ага, Кыргызстан элинин Ассамблеясынын кеңешинин төрагасы Алмамбет Матубраимов , Коомдук-мамлекеттик ишмер, серепчи Кадыр Кошалиев, Б. Осмонов атындагы ЖАМУнун профессору Кубанычбек Калчакеев, К. Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университетинин профессору Жеңишбек Дүйшеев жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, мекеме-ишканалардын башчылары, мектеп жана бала бакча жетекчилери, айыл башчылары, имамдар, аялдар жана аксакалдар кеңештеринин өкүлдөрү, жаштар жана активдүү аялдар катышты.
Иш-чаранын негизги максаты — “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу Жарлыгынын маңызын коомчулукка кеңири жайылтуу жана аны биргеликте ишке ашыруу.