Быйыл Көк-Жаңгак шаарында 5,5 чакырым ички көчөлөргө асфальт төшөлдү

Быйыл Көк-Жаңгак шаарында 5,5 чакырым  ички көчөлөргө асфальт төшөлдү

Бул тууралуу шаардын мэри Сыргак Замирбек уулу билдирди.

Анын айтымында, калаадагы көчөлөргө көп жылдардан бери маани берилбей,

эскилиги жеткен.

«Акыркы жылдары шаардын инфра түзүмүн жакшыртууга басым жасап жатабыз. Себеби, көп жылдардан бери жолдор кароосуз калып, чуңкурлар жашоочуларды убайымга салып келген экен.

Бул жылы шаардагы эл көп каттаган борбордук көчөлөрдү оңдоп-түздөөдөн

өткөрүү үчүн транспорт министрлигине кайрылып, жардам алдык. Анда негизинен эл көп жашаган, негизги көчөлөрдө жумуш жүрдү. Жалпы жонунан 5,5 чакырымдын 3,5 чакырымы бүттү. Ушул тапта калган 2 чакырым көчө асвальт төшөлүүгү даярдалып жатат»,-деди мэр С. Замирбек уулу.

Мындан сырткары ал алдыңкы күндөрү жаңыланган көчөлөргө түнкү жарыктандыруу үчүн прожекторлор орнотулаарын кошумчалады.

Көк-Жаңгак шаарында 15 миңден ашуун адам жашайт