“2022-жылы Кыргыз Тажик чек арасында шейит кеткен Шарабидин уулу Бекмырзага Бүргөндү айыл өкмөтүнүн аймагындагы «Жаштык» чекара заставасына наамын ыйгаруу жөнүндө”
Бүргөндү айылдык кеңешинин
XXVIII – чакырылышынын кезектеги XX – сессиясынын
Жаңы-Арык айылы № 10 Т О К Т О М У 28-агуст 2023-жыл
“2022-жылы Кыргыз Тажик чек арасында шейит кеткен Шарабидин уулу Бекмырзага Бүргөндү айыл өкмөтүнүн аймагындагы «Жаштык» чекара заставасына наамын ыйгаруу жөнүндө”
Баткен жергесиндеги каргашалуу окуяда мамлекеттик чек арада күтүүсүз куралдуу кол салуудан өз мекенин коргоп жатып баатырларча курман болгон маркум Бекмырза Шарабидин уулуна Бүргөндү айыл өкмөтүнүн аймагындагы «Жаштык» чек ара заставасына наамын ыйгаруу жөнүндөгү чек арачылардын ардагери Э. Жумабековдун кайрылуусун угуп жана талкуулап Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVIII – чакырылышынын кезектеги XX – сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
- Бүргөндү айыл өкмөтүнүн чек арачы ардагери Э.Жумабековдун кайрылуусу эске алынсын.
- Баткен жергесиндеги каргашалуу окуяда мамлекеттик чек арада күтүүсүз куралдуу кол салуудан өз мекенин коргоп жатып баатырларча курман болгон маркум Бекмырза Шарабидин уулуна Бүргөндү айыл өкмөтүнүн аймагындагы «Жаштык» чек ара заставасына наамын ыйгаруу үчүн тиешелүү мамлекеттик жогорку органдарга жөнөтүлсүн.
- Бүргөндү айыл өкмөтүнүн аймагындагы «Жаштык» чек ара заставасына наамы ыйгарууда юридикалык иш кагаздарын камсыздоо жана тиешелүү жогорку органдарга кайрылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Ш. Алыкуловго милдеттендирилсин.
- Бүргөндү айыл өкмөтүнүн аймагындагы «Жаштык» чек ара заставасына наамы ыйгарууда керектелген акча каражаттары менен камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башкы эсепчиси М.Осмоновго жүктөлсүн.
- Бул токтом массалык маалымат каражаттарына же сайтка жарыялансын.
- Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Бүргөндү айылдык кеңешинин Мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык иш жана этика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы М.Толубаевке милдеттендирилсин.
Бүргөндү айылдык кеңешинин төрагасы А.К.Кубатбеков