“Улуттук Коопсуздук Мамлекеттик Комитетинин Жалал-Абад областы боюнча башкы башкармалыгынын кайрылуусун кароо жөнүндө” 

Бүргөндү айылдык кеңешинин

XXVIII чакырылышынын кезектеги XX сессиясы

 Жаңы-Арык айылы                   4 ТОКТОМУ                     28-август  2023-жыл

 

“Улуттук Коопсуздук Мамлекеттик Комитетинин Жалал-Абад областы боюнча башкы башкармалыгынын кайрылуусун кароо жөнүндө” 

“Улуттук Коопсуздук Мамлекеттик Комитетинин Жалал-Абад областы боюнча башкы башкармалыгын” Бүргөндү айыл өкмөтүнүн аймагындагы 2017-жылдан 2023-жылга чейинки берилген 180 жер участогун мыйзамдуу берилгенин көз карандысыз адистерге текшертүү максатында жергиликтүү бюджеттен акча каражатын карап берүү жөнүндөгү 2023-жылдын 20-июлундагы №04-15/7365 сандуу кайрылуусун угуп жана талкуулап Бүргөндү айылдык кеңешинин  XXVIII чакырылышынын  кезектеги  XX сессиясы 

Т О К Т О М    К Ы Л А Т:

 Улуттук Коопсуздук Мамлекеттик Комитетинин Жалал-Абад областы боюнча башкы башкармалыгын” 2023-жылдын 20-июлундагы №04-15/7365 сандуу кайрылуусу эске алынсын. 

  1. Улуттук Коопсуздук Мамлекеттик Комитетинин Жалал-Абад областы боюнча башкы башкармалыгын” Бүргөндү айыл өкмөтүнүн аймагындагы 2017-жылдан 2023-жылга чейинки берилген 180 жер участогун мыйзамдуу берилгенин көз карандысыз адистерге текшертүү максатында жергиликтүү бюджеттен керектелген 360 000 (үч жүз алтымыш миң) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эсебинен каралсын.

           Көз карандысыз адистерге текшертүү максатында жергиликтүү бюджеттен керектелген акча каражатын мыйзамдуу ажыратып берүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Ш. Алыкуловго милдеттендирилсин.

 Бул токтом массалык маалымат каражаттарына же сайтка жарыялансын. 

  1. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Бүргөндү айылдык кеңешинин Финансы, бюджет экономика, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ө. Калмуратовко милдеттендирилсин.         

Бүргөндү айылдык кеңешинин төрагасы:                   А. Кубатбеков