“Бүргөндү айыл өкмөтүнүн Жаңы-Арык айылындагы Жанай-Сай көчөсүнүн жолуна асфальт төшөө” долбоорун ишке ашыруу жөнүнд

айылдык кеңешинин

XXVIII чакырылышынын кезексиз XXII сессиясы 

Жаңы-Арык айылы                        8 ТОКТОМУ                        4-октябрь  2023-жыл 

“Бүргөндү айыл өкмөтүнүн Жаңы-Арык айылындагы Жанай-Сай көчөсүнүн жолуна асфальт төшөө” долбоорун ишке ашыруу жөнүндө 

“Бүргөндү айыл өкмөтү тарабынан сметалык баасы 6 127 504 сомдук Жаңы-Арык айылындагы Жанай-Сай көчөсүнүн жолуна асфальт төшөө” долбооруну ишке ашыруу жөнүндөгү айыл өкмөт башчысы  Ш. Алыкуловдун кайрылуусун угуп жана талкуулап Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз XXII сессиясы 

ТОКТОМ КЫЛАТ: 

  1. “Бүргөндүайыл өкмөтү тарабынан сметалык баасы 6 127 504 сомдук Жаңы-Арык айылындагы Жанай-Сай көчөсүнүн жолуна асфальт төшөө” долбооруну ишке ашыруу жөнүндөгү айыл өкмөт башчысы  Ш. Алыкуловдун кайрылуусу эске алынсын жана артыкчылыктуу деп табылсын. 
  1. Ноокен райондук өнүктүрүү фондуна тапшыруу максатында жалпы сметалык суммасы 6 127 504 (алты миллион бир жүз жыйырма жети миң беш жүз төрт) сомду түзгөн Бүргөндү айыл өкмөтүнүн Жаңы-Арык айылындагы Жанай-Сай көчөсүнүн жолуна асфальт төшөө” долбоорунун сметасынын 10% депозиттик салымы үчүн айыл өкмөтүнүн бюджетинен 612 750 (алты жүз он эки миң жети жүз элүү) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин. 
  1. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Бүргөндү айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.Алыкуловго милдеттендирилсин. 
  1. Бул токтом массалык маалымат каражаттарына же сайтка жарыялансын. 
  1. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Финансы, бюджет экономика, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ө. Калмуратовго милдеттендирилсин.

 Бүргөндү айылдык кеңешинин төрагасы                         А. Кубатбеков