“№ 46 Э. Төлөмурзаев атындагы негизги мектебинин кошумча ашкана курулушун смета долбоорун даярдоо жана ишке ашыруу жөнүндө” 

Бүргөндү айылдык кеңешинин

XXVIII чакырылышынын  кезексиз XXVI сессиясы 

  Жаңы-Арык айылы                        12 Т О К Т О М У                      7-февраль  2024-жыл 

“№ 46 Э. Төлөмурзаев атындагы негизги мектебинин кошумча ашкана курулушун смета долбоорун даярдоо жана ишке ашыруу жөнүндө” 

№ 46 Э. Төлөмурзаев атындагы негизги мектебинин 1-4 каласска чейинкилерди ысык тамака өткөрүү үчүн жергиликтүү бюджеттен акча каржатын эсебинен карап жана жер аянтын тактап, архитектуралык шарттарын жасап берүү жөнүндөгү мектеп директору Н. Абдуллаеванын кайрылуусун угуп жана талкуулап Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVIII - чакырылышынын  кезексиз  XXVI - сессиясы 

Т О К Т О М    К Ы Л А Т: 

  1. № 46 Э. Төлөмурзаев атындагы негизги мектебинин директору Н. Абдуллаеванын кайрылуусу эске алынсын. 
  1. Мектеп окуучуларынын ден-соолугун чыңдоо, ыссык тамак менен камсыз кылуу максатында № 46 Э. Төлөмурзаев атындагы негизги мектебинин 1-4 каласска чейинкилерди ысык тамака өткөрүү боюнча ашкананын смета долбоору даярдалып үчүн жергиликтүү бюджеттен акча каржатынын эсебинен карап жана жер аянтын тактап, архитектуралык шарттары жасап берилсин.

 Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жана тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Ш. Алыкуловго милдеттендирилсин.

  1. Бул токтом массалык маалымат каражаттарына же сайтка жарыялансын. 
  1. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Бүргөндү айылдык кеңешинин Финансы, бюджет экономика, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ө. Калмуратовко милдеттендирилсин.

 Бүргөндү айылдык

кеңешинин төрагасы:                                       А. Кубатбеков