“Кызыл-Кыя, Жылан-Дөбө айылынын тургундары жана Элдик Курултайдын делегаты А. Молдобаевдин кайрылуусун кароо жөнүндө”
Бүргөндү айылдык кеңешинин
XXVIII – чакырылышынын кезексиз XXVI– сессиясынын
Жаңы-Арык айылы № 11 Т О К Т О М У 7-февраль 2024-жыл
“Кызыл-Кыя, Жылан-Дөбө айылынын тургундары жана Элдик Курултайдын делегаты А. Молдобаевдин кайрылуусун кароо жөнүндө”
Кызыл-Кыя жана Жылан-Дөбө айылындагы Кочкор-Ата токой чарбасынын,Көк-Таш токой бөлүмүнүн Жылан-Дөбө айылындагы турак-жай курулган 28,0 га жер тилкесин жана Кызыл-Кыя айылынын ичиндеги турак-жай курулган 6,0 га жер тилкесинде жашаган жергиликтүү калктын үйлөрүнө эч кандай тастыктоочу документтери болбогондугуна жана балдарын мектепке берүүдө кыйынчылыктарга байланыштуу Бүргөндү айыл өкмөтүнүн балансына алуу боюнча кайрылуусун угуп жана талкуулап Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVIII – чакырылышынын кезексиз XXVI – сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
- Кызыл-Кыя, Жылан-Дөбө айылынын тургундарынын жана Элдик Курултайдын делегаты А. Молдобаевдин кайрылуусу эске алынсын.
- Кызыл-Кыя жана Жылан-Дөбө айылындагы Кочкор-Ата токой чарбасынын,Көк-Таш токой бөлүмүнүн Жылан-Дөбө айылындагы турак-жай курулган 28,0 га жер тилкесин жана Кызыл-Кыя айылынын ичиндеги турак-жай курулган 6,0 га жер тилкелерин айыл өкмөт балансына алууга тиешелүү органдарга кайрылуу жагы жер адиси Ч. Усен уулуна жүктөлсүн.
- Жогоруда көрсөтүлгөн жер аянттарын мыйзам чегинде айыл өкмөт балансына алуу үчүн иш кагаздарын даярдоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Ш. Алыкуловго милдеттендирилсин.
- Бул токтом массалык маалымат каражаттарына же сайтка жарыялансын.
- Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы айылдык кеңештин Эл чарбасы, айыл чарбасы, өнөр жай транспорт жана энергетика боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Абдиевке милдеттендирилсин.
Бүргөндү айылдык
кеңешинин төрагасы: А. Кубатбеков