“Жаңы-Арык айылынын  Шарабидин уулу Бекмырза көчөсүнүн тургундарынын кайрылуусун кароо жөнүндө” 

Бүргөндү айылдык кеңешинин

XXVIII чакырылышынын  кезексиз XXVI сессиясы

 

  Жаңы-Арык айылы                     15 Т О К Т О М У                   7-февраль  2024-жыл 

“Жаңы-Арык айылынын  Шарабидин уулу Бекмырза көчөсүнүн тургундарынын кайрылуусун кароо жөнүндө” 

Баткен жергесиндеги каргашалуу окуяда мамлекеттик чек арада күтүүсүз куралдуу кол салуудан өз мекенин коргоп жатып баатырларча курман болгон маркум Б. Шарабидин уулуна аталган көчөнү көрктөндүрүү, асфалть төшөө, таштанды таштоочу контейнерлерди жана арча отургузууга керектелген акча каражатын жергиликтүү бюджеттен карап берүү жөнүдөгү кайрылуусун угуп жана талкуулап Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVIII - чакырылышынын  кезексиз  XXVI - сессиясы

 Т О К Т О М    К Ы Л А Т: 

  1. Жаңы-Арык айылынын Б. Шарабидин уулу көчөсүнүн тургундарынын кайрылуусу эске алынсын.

 Баткен жергесиндеги каргашалуу окуяда мамлекеттик чек арада күтүүсүз куралдуу кол салуудан өз мекенин коргоп жатып баатырларча курман болгон маркум Б. Шарабидин уулуна аталган көчөнү көрктөндүрүүгө, асфалть төшөөгө жана таштанды таштоочу уналарды коюга смета долбоорудаярдалсын. 

  1. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жана тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Ш. Алыкуловго милдеттендирилсин. 
  1. Бул токтом массалык маалымат каражаттарына же сайтка жарыялансын. 
  1. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Бүргөндү айылдык кеңешинин Финансы, бюджет экономика, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ө. Калмуратовко милдеттендирилсин. 

Бүргөндү айылдык

кеңешинин төрагасы:                                       А. Кубатбеков