Жалал-Абад облусунда чет өлкөлүк номурлуу 1400дөй унаа мыйзамдаштырылды

Жалал-Абад облусунда чет өлкөлүк номурлуу 1400дөй унаа мыйзамдаштырылды
Мындай маалыматты, транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо мамлекеттик агенттигинин Жалал-Абад аймактык бөлүмүнүн башчысы Альберт Кожобергенов билдирди. Ал, өлкө аймагына мыйзамсыз келген делген Абхазия, Армения жана башка өлкөлөрдүн номурлары тагылган унаалардын ээлерин шашылыш түрдө мыйзамдаштырып алууга чакырды.  
«1-апрелден тарта өлкө аймагында Абхазия, Армения жана башка өлкөлөрдөн мыйзамсыз ташылып келген унааларды каттоо башталган. 5 ай аралыгында биздин мекемеден 1392 унаа мыйзамдаштырылды. Мындан улам жарандарды 2025-жылдын 1-октябрына чейин созула турган транспорт каражаттарын легалдаштыруу процедурасын өз убагында бүтүрүүгө чакырам. Унаа ээлери каттоонун бардык зарыл этаптарынан өтүүсү, транспорт каражатынын толук юридикалык статуска ээ болушун камсыздай тургандыгын эскертем”,-деди А. Кожобергенов. 
Мындан сырткары ал легалдаштыруунун акысы унаанын моторунун көлөмү 2 кубга чейинки унаалардыкы 52 миң 250 сомду түзсө, көлөмү 2 кубдан чоң болгон унаалардын төлөмү 100 миң 200 сомду түзөөрүн кошумчалап. Мыйзамдаштырылган  унаанын ээлерине унаа катталгандан кийин аны башка адамга сатууга, чет өлкөгө чыгарып кетүүгө, ошондой эле такси кызматына пайдаланууга тыюу салынары тууралуу милдеттенме жазылып берилерин эске салды.  
Белгилей кетсек, азыркы учурда Кыргыз Республикасынын аймагында 9 635 чет өлкөлүк мамлекеттик каттоо номери менен жүргөн транспорт каражаты катталган.
Алардын ичинен: 
• Бишкек ш. — 2 086 транспорт каражаты;
• Жалал-Абад областы - 1392 транспорт каражаты;
- Ош ш. — 745 транспорт каражаты;
• Баткен областы — 525 транспорт каражаты;
• Нарын областы — 209 транспорт каражаты;
• Ош областы — 1 319 транспорт каражаты;
• Талас областы — 394 транспорт каражаты;
• Чүй областы — 2 606 транспорт каражаты;
• Ысык-Көл областы — 359 транспорт каражаты;