Ушул жылдын 25-августта укук коргоо органдарына Чаткал районундагы Айгыр-Жал айылынын эки тургуну дайынсыз жоголгону тууралуу арыз түшкөн. Экөө тең Кыргыз Республикасынын жарандары. 28-августта чек ара боюнча жумушчу жолугушуу өтүп, өзбек тараптын өкүлдөрүн 15-августта Өзбекстандын аймагында — Кыргызстан, Өзбекстан жана Казакстандын чек аралары кошулган жерде өзбек чек арачылары 2 белгисиз жаранды тапканын
билдиришкен.
Өзбек тараптын маалыматы боюнча, алар кармоо учурунда баш ийбегендиктен чек арачылар курал колдонушкан. Анын кесепетинен эки жаран тең оор жаракат алган.
Дайынсыз жоголгон кыргызстандык жарандардын туугандары 31-августта Өзбекстанга барып, аларды таанышкан. 1-сентябрда «Баймак» көзөмөл-өткөрүү пункту аркылуу Кыргызстандын эки жаранынын сөөгү кыргыз тарапка өткөрүлүп берилди. Алар экспертиза жүргүзүү үчүн Кербен шаарына жеткирилген.
Бул окуя боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев облустук ички иштер органдарынын, прокуратура, УКМКнын жана Тышкы иштер министрлигинин кызматкерлери менен жыйын өткөрдү.
Анда каза болгон эки жарандардын үй-бүлөлөрүнө бардык тараптан жардам көрсөтүү, жарандарды чек ара аймактарында жүрүүдө мыйзам бузбоого жана чек ара сызыктарынан өтпөөгө чакырып, түшүндүрүү иштерин күчөтүү тапшырмасын берди.