Тогуз-Тородо айыл чарба жарманкеси болду
Мындай маалыматты райондук мамлекеттик админстрациядан билдиришти. Маалым болгондой, Казарман айылындагы А.Сыдыков атындагы маданият үйүнүн алдында уюштурулган бул иш чарага жергиликтүү дыйкандар өздөрү өндүргөн азык-түлүктөрдү арзан баада алып чыккан.
Уюштуруучулар жарманкенин негизги максаты — азык-түлүккө болгон бааны бир нукта кармоо, ошондой эле дыйкандардын эмгегин колдоо жана алардын продукциясын кеңири жайылтуу болуп саналаарын айтты.